Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Евразия экономикалык биримдигин колдогон активисттер пикетке чыгат


Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши боюнча эл аралык макулдашууну эртерээк ратификациялоо талабы менен жарандык активисттер бүгүн Ак үйдүн жанына пикетке чыкмакчы. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан, өзүн “Кыргызстандын таза оппозициялык кыймылы” деп атап алган топтун өкүлү Назарбек Нышанов “Азаттыкка” билдирди. Алар биримдикке кирүү боюнча аракеттердин жанданышы мигранттардын көйгөйлөрүнүн чечилишине салым кошушу мүмкүн экенин айтып жатышат.

Өткөн жылдын 23-декабрында Москвада Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кабыл алынган. Келишимге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения президенттери кол койгон. Эми Бишкек биримдиктин толук кандуу мүчөсү болушу үчүн уюмга кирген өлкөлөрдүн парламенттери кол коюлган келишимди ратификациялашы керек.

Жогорку Кеңеш документти майга чейин карап чыгаары мурда кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG