Коалиция ынтымагына доо кетирген араздашуу (3)
Парламентте коалициялык кеңеш Президенттик аппараттын жетекчиси менен юстиция министринин араздашуусуна байланыштуу маселени карады. Айрым депутаттар Аппарат жетекчисинин коалициялык кеңешке кайрылуусун туура деп эсептесе, башкалары Шыкмаматов менен Нарымбаевдин ортосундагы маселенин коалициялык кеңешке салынышын орунсуз деп эсептешет. Бул араздашуунун түпкү сыры эмнеде? Аппарат жетекчиси менен юстиция министринин чыры коалициялык көпчүлүктүн келечегине кандай таасир этиши мүмкүн? “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга - Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков менен юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт