Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Сыргабаев: Иним мыйзам чегинде жооп берет


Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замир Сыргабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ал Ош аба майданында ири өлчөмдө акча карактоого шектелип кармалган бир тууган иниси Мирбек Сыргабаевдин окуясы тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматы менен таанышып чыккан. Ал бул иш боюнча инисинин айыбы аныкталса мыйзам чегинде жооп берерин билдирди.

Ош аба майданында 27-декабрда ири суммадагы акча каракталган. Беткапчан, куралчан, “спецназ” деген жазуусу бар кара кийим кийген беш адам Ош - Үрүмчү каттамына түшмөкчү болуп, VIP залда отурган адамдарды карактап кеткен. Акчанын суммасы беш миллион доллардан ашык экени айтылган болчу. Кийинчерээк 13 миллион доллар каракталган деген маалымат чыккан.

Бул окуя боюнча укук коргоо органдары тарабынан төрт киши шектүү деп кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Алардын бири Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замир Сыргабаевдин иниси экендигин буга чейин күч органдарындагы ишенимдүү булактар билдирген эле. Замир Сыргабаев өзү Жогорку Кеңеш депутаты, “Республика” партиясынан бөлүнүп чыккан “Бир болдун” теңтөрагасы Алтынбек Сулаймановдун жакын адамы катары айтылып жүрөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG