Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

HRW адам өмүрүн кыйган эки чабуул үчүн орусиячыл жикчилерди шектөөдө


Волноваха шаарчасында атылган автобус. 13-январь, 2015-жыл.
Волноваха шаарчасында атылган автобус. 13-январь, 2015-жыл.

“Хьюман Райтс Уочтун” бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, чыгыш Украинада 40тан ашуун адамдын өмүрүн кыйган эки ракеталык чабуул үчүн тең “балким орусиячыл жикчилер жоопкер”. Укук коргоочу уюм белгилегендей, жериндеги иликтөө 13-январда Волноваха шаарчасында автобуска тийген ракетаны козголоңчулар аткандыгын ишара кылууда. Анда кеминде 12 адамдын өмүрү кыйылган болчу.

“Хьюман Райтс Уочт” уюму ошондой эле 24-январда Мариуполь шаарында кеминде 30 жайкын тургун мерт болгон ракеталык атуулар үчүн да жикчилерди шектөөдө. 13-январда Донецкте эки адамды мерт кылган ракеталык чабуул үчүн өкмөттүк күчтөр жоопкер экенинин белгилери бар.

Ал эми 22-январда Донецкте 13 адамдын өмүрүн кыйган чабуул үчүн жоопкерлерди “Хьюман Райтс Уочт” аныктай алган эмес.

Украинанын чыгышында былтыр апрелде тутанып, эки айлык тынымдан кийин быйыл 10-январдан тарта кайра күчөгөн уруштарда азыркыга дейре 5100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

“Хьюман Райтс Уочтун” баамында, “калк жашаган аймактарга кеңири эффект берүүчү жарылма куралдарды” жаатташкан эки тарап тең колдонуп жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG