Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Украинадагы уруштарда өмүрү кыйылгандар саны 5350дөн ашты


Донецктин чыгышында уруштан кыйраган үйлөрдүн бири. 3-февраль, 2015-жыл.
Донецктин чыгышында уруштан кыйраган үйлөрдүн бири. 3-февраль, 2015-жыл.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хусейин Украинанын чыгышындагы уруштарда өлгөндөрдүн саны 5358ге жеткенин билдирип, кырдаалдын курчушун “катастрофалык” деп атады.

БУУнун эсебинде, январдын акыркы үч аптасындагы уруштарда кеминде 224 жөн-жай тургундун өмүрү кыйылып, 545и жаракат алган.

Улуттар уюмунун адам укуктары комиссарынын билдирүүсүндө көргөзүлгөндөй, Украинанын чыгышындагы урушта 5358 киши өлүп, 12 235 адам жаракат алды деген “консервативдүү” гана эсеп, өлгөндөрдүн актуалдуу саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн.

Украинанын чыгышында уруш былтыр апрелдин ортосунда тутанган, эки айлык тынымдан кийин 10-январдан тарта кайра күчөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG