Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Рак илдетине каршы бир айлык жарыяланат


“Эргене” жана “Ракка каршы бирге” коомдук фонддору аталган оорунун алдын алууга үгүттөп, бир айлык акция өткөрүшөт. 4-февралдан 4-мартка чейинки иш-чарада жер-жерлерде адистер жарандарга окутууларды уюштурат. Ошондой эле дартка каршы колдонула турган дарыларды сатып алууга кайрымдуулук каражатын да чогултушат. Акчаны республикалык онкологиялык ооруканага өткөрүп беришет. Бул тууралуу “Азаттыкка”уюштуруучулар кабарлашты.

Улуттук онкологиялык борбордун маалыматына ылайык, ооруга чалдыккандардын 60% диагноз коюлгандан кийин бир жыл аралыгында өмүр менен коштошот. Бул абал дартка чалдыккандар дарыгерлерге кеч кайрылганына байланыштуу болууда. Бир жыл мурун эле Кыргызстанда ракка чалдыккан 5126 киши аныкталып, анын 2983ү каза тапкан.

4-февраль – эл аралык ракка каршы күрөшүү күнү. (SE)

XS
SM
MD
LG