Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:56

Жалал-Абадда төрөттөн каза тапкандар көбөйдү

Облуста 2014-жылы төрөттөн каза тапкан энелердин саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу  эки эсеге көп катталган.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматовдун билдиришинче, 2013-жылы сегиз эне төрөт учурунда каза болсо, былтыркы жылы алардын саны 14кө жеткен. Бул жаатта жетиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгы үчүн Аксы районунун жана Кара-Көл шаарынын социалдык маселелер боюнча башчыларынын орун басарларына сөгүш берилди.

Өткөн жылда облустук төрөтканада жети миңден ашык аял көз жарган.(RsK\AzK)

XS
SM
MD
LG