Акыйкатчынын аппаратынан билдиришкендей, укук коргоочу, коомдук ишмер Шералы Назаркуловду эскерүү 6-февраль күнү уюштурулат. Бул күнү анын эстелигине гүл коюлуп, куран окутулат. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, акыйкатчы, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар жана маркумдун жакын туугандары катышат.
Шералы Назаркулов 2002-жылдын 7-февралында Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы 22 күн ачкачылык кармап, каза болгон. (AzK)