Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Нарын шаардык тез жардам бөлүмүндө бир гана дарыгер иштейт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын шаардык тез жардам бөлүмүнүн башчысы Зина Мукашова билдирди. Учурда аталган бөлүмдө айдоочу, фельдшер жана бир гана дарыгер иштейт. Алар Нарын шаарындагы 45 миң кишини тейлешет.

Дарыгердин айтымында, тез жардамчыларга бир күндө 60тан ашык чакыруу түшөт. Зина Мукашева айрым учурда чакырган жерге 2 саатка чейин кечигип барган учурда бейтаптар нааразы болуп, дарыгерлерге кол көтөргөн учурлар да болорун белгилейт. Анын айтымында, тез жардам бөлүмүндө кызматтык унаалар жана медициналык аппараттар жетиштүү, бир гана кошумча иш ордун ачуу маселеси чечилбей келет. (MiK\AzK)

XS
SM
MD
LG