Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Мигрантты убара кылган орус мыйзамы


Сүрөттө: сынак тапшырып жаткан мигранттар
Сүрөттө: сынак тапшырып жаткан мигранттар

Орусияда 2015-жылдын 1-январынан тарта миграциялык мыйзамдарга бир нече өзгөртүүлөр кирип, андагы бир катар талаптар кыргызстандыктарга көйгөй жаратып жатканы айтылууда.

Евразия экономикалык биримдигине кирген Кыргызстандын жарандары үчүн жеңилдиктер болобу? Кыргыз өкмөтү бул жагынан эмне жумуш кылып жатат? “Арай көз чарай” талкуусу ушул суроолорго жооп издеди.

Талкууга Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Миграция башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Сарыбаев жана “Замандаш” ассоциациясынын Орусия-Казакстан боюнча координатору Азамат Рахманов катышты.

“Азаттык”: Каныбек мырза, Орусияда жаңы мыйзам эрежелери киргенден бери ал жактагы мекендештерибиздин абалы кандай? Кандай тенденция байкалууда? Азайдыбы же көбөйдүбү?

Каныбек Сарыбаев: Азыркы учурда Орусияда 580 миңден ашык мигрант жашап, эмгектенип жүрөт. Эл арасында ушул күндөрү Орусиядагы кырдаалга байланыштуу мекендештерибиз массалык түрдө кайтып келүүдө деген чындыкка туура келбейт, анча-мынча келип жаткандары мезгилдүү жумуштарга байланыштуу болууда. Анткени Орусиянын эмгек рыногу дайыма жумушчу күчүнө муктаж...

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Азамат мырза, бизге Орусиянын аймактарынан көп кат келүүдө. Алар патент алуу, камсыздандыруу картасын толтуруу, орус тилин билүү боюнча сынак тапшыруу сыяктуу толгон милдеттердин шарттары өтө убаракерчилик жаратып жатканына даттанып, кыргыз өкмөтү эмне кылып бере аларын, Бажы биримдигине кирсек, жеңилдик болобу деген толгон суроолорду беришет, чыныгы абал кандай?

Азамат Рахманов: Айтылган көйгөйлөрдүн чындыгы бар. Орусиядагы миграциялык маселе оорлошуп баратат. Патент алуу көп көйгөй жаратууда, өзгөчө Москвада абал оор. Үч-төрт күндөп кезек күтүп жатышат. Маалыматтын жоктугунан кыйналып жаткандар толтура.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:22 0:00
Түз линк

Мурдагы жылдарга караганда талаптар бир топ татаалдашкан. Башка талаптарды аткаруу үчүн толтура документтерди топтоо керек. Мурда Орусиянын аймактарында бош жумушчу орундарга квота бөлүштүрүлүп, ага уруксат берген кагазын алып эле иштеп калышчу. Азыр талаптар катуу күчөдү. Миграция министрлигинен жер-жерлердеги кыргыз диаспораларына чалып абалды билген, сураган киши жок деп нааразы болгондор көп болууда.

Каныбек Сарыбаев: Биз маалыматтарды берип жатабыз, тегерек үстөлдөрдү өткөрүп, түшүндүрүп эле жатабыз. Кыргызстандын элчилигинде эмне үчүн маалымат жок экенин айта албайм.

XS
SM
MD
LG