Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Франция Украинага курал-жарактан жардам бербейт


Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан билдирди. Анын айтымында, Франция Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу үчүн курал-жарактан жардам берүүнү пландаган жок.

Париждеги маалымат жыйынында сүйлөп жатып, Ле Дриан “бул кризисте саясий чечими табылышы керек” деди. Ал ушул учурда Украинага курал-жарак алып кирүү максатка ылайык эмес экенин кошумчалады.

Буга чейин Германиянын канцлери Ангела Меркел өз өлкөсү Украинага курал-жарак бербей турганын ырастаган.

Эки өлкө жетекчилеринин билдирүүлөрү америкалык маалымат каражаттарында Вашингтон Киевге орусиячыл жикчилдер менен жаңжалда курал-жарактан жардам бериши мүмкүн экени тууралуу жазышкандан соң жасалды.

Украин президенти Петро Порошенко 3-февралда “АКШ баштаган башка өнөктөштөр курал-жарактан жардам береринен күмөн санабай турганын" ачыкка чыгарган.

XS
SM
MD
LG