Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Лют: Орус аскерлери Украинадагы жаңжалга катышууда


АКШнын НАТОдогу өкүлү Дуглас Лют Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжал башталгандан тарта эле ага орус аскерлери активдүү катышканын билдирди. Брюсселде НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын алдында сүйлөп жатып, Лют орус аскерлери Украина чыгышында командалык-көзөмөл кызматтарды аркалап жатканын шардана кылды. Кошмо Штаттардын өкүлү ошондой эле даярдыксыз жикчилдер башкара албаган оор техникаларды орусиялыктар башкарып жүргөнүн кошумчалады.

Лют жаңжалга орустар өткөн жылдын августунда ачыктан-ачык аралашууга мүмкүнчүлүгү болгонун билдирди. Бирок жакын арада орус армиясы Украинага басып кирүүгө батынбайт деген божомолун айтты.

XS
SM
MD
LG