Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Ашказандагы рак оорусу боюнча Кыргызстан КМШ боюнча алдыда


Ракка каршы күрөшүүгө үгүттөгөн чакырык. Беларус
Ракка каршы күрөшүүгө үгүттөгөн чакырык. Беларус

Эркектер арасында ашказандагы рак илдетинин катталышы боюнча Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында алдыңкы сапта турат. Ушундай эле көрсөткүч Өзбекстанга да таандык. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук онкология борборунун башкы илимий кызматкери Амангелди Жумабаев билдирди. Анын айтымында, башка мамлекеттерде эркектер көбүрөөк өпкө рагы менен жабыркайт.

Ал эми аялдар арасында көкүрөк рагынын катталышы бардык КМШ мамлекеттеринде дээрлик бирдей көрсөткүчтө.

Бир жыл мурун эле Кыргызстанда ракка чалдыккан 5126 киши аныкталып, анын 2983ү каза тапкан.

4-февралдан 4-мартка чейин өлкөдө бул илдеттин алдын алууга багытталган бир айлык жарыяланды. (SE)

XS
SM
MD
LG