Баку сотунун бүгүнкү өкүмүнө ылайык, Файк Курбанов 14, Сеймур Рзазаде 13 жылга түрмөгө кесилди. Тергөөчүлөрдүн ырастоосунда, алар 2013-жылы Ирандын чалгын агенттиги менен кызматташкан.
Азербайжан 2012-жылдан бери коңшу Ирандын пайдасына тыңчылык кылды деген айып менен бир нече жаранын соттоду. Былтыр августта эле Хафиз Валиев, Агамир Агамиров ысымдуу жарандар өмүр бою түрмөгө кесилишкен болчу.
2012-жылы Азербайжанда Иран менен байланышы бар делген бир нече адам камакка алынганда Баку менен Тегерандын мамилесинде чыңалуу жаралган.
Кармалгандар Азербайжанда кол салууларды жасоону мерчемдеген деп айыпталышкан. (UE)