Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Издөөдөгү Мелис Мырзакматов Орусияда жүрөт


Мелис Мырзакматовдун мэр кези.
Мелис Мырзакматовдун мэр кези.

Эл аралык издөөдөгү Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Орусияда, ал эми Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев Кыргызстанда экени аныкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Мырзакматов Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча, ал эми Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиев бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик беренелери боюнча айыпталып, аларга издөө жарыяланган.

Бирок Кадыралиевдин жакындары анын эч жакка качпаганын билдирип келет. Кадыралиев да, Мырзакматов да өздөрүнө коюлган айыптарга макул эмес. (ZMa/UEz)

XS
SM
MD
LG