Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:39

Керри Орусияны эл аралык мыйзамдарды урматтоого чакырды


Жон Керри жана Петро Порошенко. Киев, 5-февраль, 2015-жыл.
Жон Керри жана Петро Порошенко. Киев, 5-февраль, 2015-жыл.

Керри Орусияны Украинадагы “кан төгүүнү токтотуу ниетин көргөзүүгө" чакырды. АКШ Мамлекеттик катчысы бул тууралуу бүгүн Киевде, украин президенти Петро Порошенко менен жолуккандан кийин айтты:

- Биз бүгүн Украина туш болгон эң башкы коркунуч - Орусиянын чыгыштагы агрессиясы экени тууралуу сүйлөштүк. Муну башкача атоо мүмкүн эмес.

Жон Керри Орусияны Украинадагы кан төгүүнү токтотуу ниети бардыгын көргөзүп, былтыр сентябрдагы тынчтык планда белгиленген тилкеден оор техникасын чыгарып кетүүгө, жикчилдерге аскерий колдоону токтотууга, эл аралык чек араларды урматтоого үндөдү.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Керри расмий Киевдин ок атышууну токтотуу боюнча жаңы макулдашууну сүйлөшүү аракетин колдоо үчүн келди.

Керринин айтымында, алар жаңжал тынчтык жана дипломатиялык жол менен токтошун көздөйт.

Бул аралыкта бүгүн француз президенти Франсуа Олланд немис канцлери Меркел менен Киев жана Москвага барарын жарыялады:

- Биз жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы сунуш жасайбыз. Ал Украинанын аймактык бүтүндүгүнө негизделет. Бүгүн сунуш боюнча президент Порошенко, эртең Москвада президент Путин менен сүйлөшөбүз. Анткени, убакыт өтүп жатат.

Кремл Путин эртең Меркел жана Олланд менен жолугарын ырастады.

Украина чыгышында былтыр апрелден берки уруштарда 5350дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Уруш күчөгөн 10-январдан бери, БУУнун эсебинде, 240тан ашуун жөн-жай тургун мерт болду.

Уруштун күчөшү үчүн Киев жана Батыш Орусияны айыптаса, Москва тескерисинче украин бийликтерин күнөөлөйт. (UE)

XS
SM
MD
LG