Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Иордан учактары “Ислам мамлекети” тобуна сокку урду


Амманда "Ислам мамлекети" тобуна каршы демонстрациянын катышуучулары падыша Абдалланын жана маркум учкуч Муас ал-Касасбанын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүштү. 5-февраль, 2015-жыл.
Амманда "Ислам мамлекети" тобуна каршы демонстрациянын катышуучулары падыша Абдалланын жана маркум учкуч Муас ал-Касасбанын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүштү. 5-февраль, 2015-жыл.

Аскерий учактар “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы жайларына сокку уруу менен согушкерлер тирүүлөй өрттөгөн иордан учкучтун кичи мекенинин үстүнөн учуп өтүштү.

Учкучтун кичи мекенинде аза күткөн миңдеген адам чогулду. Маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айткандар арасында иордан падышасы Абдалла да болду.

Аскерий өкүлдөрдүн айтымында, аба соккулары “Ислам мамлекети” тобунун Сириянын Дейр ал-Зор провинциясындагы жана Ракка шаарынын жанындагы турумдарына урулду.

Сириянын аймагында учагы кыйраган кезде туткундалган иордан учкучу Муас ал-Касасбаны согушкерлер тирүүлөй өрттөп жиберген. Муну алар видеого тартып, аны 3-февралда интернетке чыгарышкан.

Мындан кийин кечээ иордан падышасы Абдалла “Ислам мамлекети” тобуна каршы “аёосуз согушту” убада кылган эле.

Бүгүнкү аба сокку иордан тараптын АКШ баштаган эл аралык коалициядан тыш, өз алдынча жасаган алгачкы чабуулу болду. (UE)

XS
SM
MD
LG