Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:34

НАТО чыгыш канатын бекемдөөнү чечти


Йенс Столтенберг. Брюссель, 5-февраль, 2015-жыл.
Йенс Столтенберг. Брюссель, 5-февраль, 2015-жыл.

Башкатчы Йенс Столтенберг бул тууралуу бейшемби күнү Брюсселде өткөн жыйындан кийин жарыялады. Анын айтымында, жыйында Чыгыш Европада жаңы алты аскерий базаны, өтө жогорку даярдыктагы аскерий бөлүктү тезинен түзүү чечими кабыл алынды:

- Биз жогорку күжүрмөн даярдыкта туруучу күчтөр беш миң аскерден турган бригада болот деп чечтик. Аларга абадан, деңизден жана атайын күчтөр тарабынан колдоо көргөзүлөт.

Йенс Столтенберг кошумчалагандай, бул жогорку күжүрмөн даярдыктагы күчтөрдү куроого Британия, Франция, Польша, Италия, Испания, Германия катышууга макул болду. Алар кризис чыккан учурда экиден жети күнгө чейинки мөөнөттө жайгаша алат.

Көп улуттуу жаңы командалык борборлор жана аскерий бөлүктөр Болгария, Эстония, Латвия, Литва, Польша, Румынияда орун алат.

НАТО башкатчысы белгилегендей, алар мындай чарага Орусиянын Украинадагы агрессиясынан улам барууда.

Жалпысынан НАТОнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн саны азыркы 13 миңден 30 миңге жетмекчи. ( UE)

XS
SM
MD
LG