Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Журналисттер Кыргызстандагы диний абалды талкуулайт


Кыргызстанда жарык көргөн айрым гезиттер.
Кыргызстанда жарык көргөн айрым гезиттер.

Жаңы ачылган “Рух Медиа - диний журналистика борбору” коомдук бирикмеси Ислам изилдөө илимий институту менен биргеликте 7-февраль күнү дин темасын чагылдыруу боюнча журналисттерди окутат. Талкуулар жума сайын ар ишемби күнү уюштурулуп, ага жагдайга жараша тема тандалат. Бул тууралуу коомдук бирикменин жетекчиси Эмилбек Момунов “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда диний журналистика багытын өркүндөтүү максатын көздөгөн “Рух медиа” уюму быйыл 22-январда ачылды. Ал диний темаларда макала жазууга, көрсөтүү жана уктуруу даярдоого кызыккан журналисттерге агымдардын үгүттөөчүсүнө айланып калбоо, радикал уюмдардын чакырыктарын жайылтууга салым кошпоо жаатында окууларды өткөрүп турат.

Семинарлар Арабаев атындагы университеттин имаратында акысыз жүргүзүлөт. Бул үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардан уруксат алынган.(SE)

XS
SM
MD
LG