Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Меркел менен Олландын Украина боюнча тынчтык планы Москвада талкууланат


Бүгүн Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Франциянын президенти Франсуа Олланд Украина боюнча тынчтык планын Орусиянын президенти Владимир Путинге сунуштайт. Ага чейин эки лидер өз ойлору менен Киевде Украина мамлекет башчысы Петро Порошенко менен бөлүшкөн. Азырынча ал сунуштун деталдары тууралуу маалыматтар жок, бирок Порошенко план өлкө чыгышындагы ок атышууну токтотууга үмүт берет деп билдирди.

Олланд менен Меркелдин алдында АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри украин жетекчилиги менен жолугушуп, Вашингтон жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүнү колдойт, бирок орусиялык танктар менен аскерлеринин кошуна өлкөнүн чек арасынан өтүп жатышын “көз жаздымда калтыра албайт” деген.

Керринин айтымында, президент Барак Обама жикчилерге каршы күрөшүү үчүн Украинага курал-жарак берип-бербөө маселесин чечмекчи. Москва андай кадамды коопсуздукка коркунуч катары караарын ырастоодо.

Былтыркы апрель айынан бери уруш жүрүп жаткан аймакта 5 миң 350дөй киши набыт кетти.

XS
SM
MD
LG