Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Эркин күрөш боюнча өлкө биринчилиги башталды


Бул мелдеште балбандар сегиз салмакта күч сынашат. Бүгүн төрт салмак ченинде (57,65,74,97) 102 балбан байге үчүн күч сынашууга чыгышты. Чемпиондукка спорт чеберлигине талапкер балбандардан тарта эл аралык даражадагы спорт чеберлери катышып жатат. Мелдештин жыйынтыгы менен улуттук кураманын мүчөлөрү аныкталат.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Руслан Мажиновдун айтымында, оор салмак саналган 74, 97 жана 125 кг. салмактарда Орусиядан келген легионерлер да катышууда. Алардын катарында кыргыз жарандыгын алып, эл аралык мелдештерге катышып жүргөн Магомед Мусаев, Иннокентий Иннокентьев да бар. (ECh)

XS
SM
MD
LG