Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Вашингтон коопсуздук стратегиясынын жаңы концепциясын жарыялады


Ак үй президент Барак Обаманын улуттук коопсуздук стратегиясынын жаңы концепциясын жарыялады. Документте президенттин тышкы саясатынын 2017-жылга чейинки приоритеттери аныкталган. Ал жылы Обаманын бийликтеги мөөнөтү аяктамакчы. Концепцияда "мыйзамдарга негизделген дүйнөдөгү тартипти сактоодо" жана бир катар глобалдык маселелерде, анын ичинде "Орусиянын агрессиясын токтотууда" АКШнын лидерлиги маанилүү деп баса белгиленет.

- Обама Кошмо Штаттардын агрессия, терроризм, ар кыл ооруларга байланышкан курч проблемаларга туруштук берүүчү эл аралык коалициянын башында турганына басым жасады. Вашингтон европалык өнөктөшөрү менен биргелешип иштеп жатат жана Кремлдин Украинадагы аракеттерине жооп катары Орусияга каршы катаал санкцияларды карманууда, - деп жазылган документте.

Концепцияда ядролук куралдын жайылышы, терроризм, кибер-чабуулдар өңдүү бир катар башка коркунучтар тууралуу да айтылат.

XS
SM
MD
LG