Ирактын батышындагы Анбар провинциясында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери бери дегенде үч адамды тирүүлөй өрттөп салышты.
ИМ тобу аларды Ирактын коопсуздук күчтөрүнө согушкерлер тууралуу маалыматтарды берип турган, "Ислам мамлекетинин" экстремисттерине каршы күрөшкөн топторго жан тарткан деп айыптаган. Райондун жашоочуларын адамдарды өрттөөнү көрүүгө мажбурлашканы кабарланууда.
3-февралда “Ислам мамлекети” террордук тобу туткундагы иордан учкучу Муат ал-Касеасбехди тирүүлөй өрттөгөнү тууралуу тасма тараткан болчу. (ZMa)