Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:09

Мамкаттоо менен Соцфонддун айрым кызматкерлерине иш козголду


Ички иштер министрлигинин 5-Башкы башкармалыгы Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Социалдык фонддун айрым кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул кызматкерлер башка өлкөдөн чыгарылган, соттолгон, издөөдө жүргөн адамдарга жеке маалыматтары өзгөртүлгөн жаңы паспортторду мыйзамсыз берип турган деп шектелүүдө.

Тергөөгө ылайык, кармалган кызматкерлер аларга кайрылган адамдарга аты-жөнүн жана жеке идентификациялык номерин (ПИН) өзгөртүп беришчү.

Маалыматтарга караганда, жеке маалыматтары өзгөртүлүп жазылган жаңы паспорт алган жана мурда соттолгон 60 кишинин жетөө издөөдө, алардын ичинен бешөө эл аралык издөөдө жүргөндөр. (ZMa)

XS
SM
MD
LG