Кечээ Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Сочиде Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушту.
Бейрасмий сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкө ортосунда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин көп пландуу кыргыз-орус кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти.
Жолугушуунун соңунда президенттер Сочи шаарында ХXII Олимпиадалык кышкы оюндардын жана ХI Паралимпиадалык кышкы оюндардын ачылыш күнүнүн бир жылдыгына арналган «Оюндардан кийин бир жыл» аттуу муз үстүндөгү майрамдык шоуну көрүштү. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (ZMa)