Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:11

КТРКнын директорунун ордуна сынак 10-февралда жарыяланат

Бул тууралуу КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Игорь Шестаков билдирди.

6-февралда КТРКнын башкы директору Султан Жумагулов өз каалоосу менен кызматынан кеткенден кийин анын милдетин убактылуу Илим Карыпбеков аткарууда.

Султан Жумагулов КТРКнын башчылыгына былтыр 23-ноябрда шайланган. Ал ага чейин ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясын башкарган. Ал 2010-2013-жылдары "Азаттык" үналгысынын Бишкек бюросун жетектеген, андан бир нече жыл мурда Би-Би-Синин кыргыз кызматынын кабарчысы болгон жана башка басылмаларда эмгектенген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG