Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Сирияга адамдарды жөнөтүп жүргөн деген шек менен бир адам кармалды


Чүй облустук ИИБнын 10-бөлүмү УКМКнын облустук бөлүмү менен биргеликте Аламүдүн районунун тургунун кармашты. Күч кызматтарына кармалган жаран Сирияга адамдарды азгырып, кез-кези менен жиберип турганы тууралуу маалымат түшкөн.

Анын үйүн тинтүү учурунда диний-экстремисттик багыттагы дисктер, баракчалар, Сириядагы согушка үндөгөн маалыматтар жайгаштырылган мобилдик телефон, эки ноутбук жана системалык блок алынган.

Тергөө учурунда анын атасы, эки бир тууганы, эжеси жана келини өткөн жылы июнь айында эле Сирияга кеткени аныкталды. Мындан тышкары үч ай мурун Сирияга дагы бир кызды жиберген, кыз ал жакта турмушка чыкканы белгилүү болгон. Учурда анын колу менен дагы канча киши азгырылып, Сирияга жиберилгени аныкталууда.

Ошондой эле өткөн жуманын аягында Кара-Суу районунун тургуну Сирияга кишилерди азгырып жүргөнүн ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери аныкташты. Маалыматтарга ылайык, тыюу салынган экстремисттик “Жабхат ан-Нусра” тобунун 26 жаштагы мүчөсү учурда Сирияда согушчандардын катарында жүрөт. Ал ошол жакта туруп, интернет аркылуу мекендештерин согуштук аракеттерге үндөп жүргөн. Өткөн жылы анын чакыруусу менен райондун Савай айлынын 25 жаштагы тургуну Сирияга кетип, согуш талаасында өлгөнү аныкталды.

Тергөө иштеринин кызыкчылыгына ылайык, кармалгандардын тек-жайы ачык айтылбайт. Күч кызматтарынын билдиришинче, Сириядагы согушка элди жашыруун үндөө күч алууда.

Расмий маалыматтар боюнча жалпы Кыргызстандан Сирияга кеткен кишилердин саны 200 ашуун, анын ичинен 30 чактысы аялдар. Жаш балдар да бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG