Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Пакистанда экстремизмге шектелген он миңдей кишинин соту башталат


Пакистандын аскер соту бул жумада экстремизмге шектелип жаткан миңден ашуун кишинин он экисинин ишин карайт. Өткөн жылдын декабрь айында окуу жайга террорчулардын кол салуусунан кийин, өкмөт атайын экстремисттерди соттоочу аскер сотторун кураган. 16-декабрда Пешаварда болгон трагедияда 150 киши өлгөн болчу, басымдуу бөлүгү балдар.

24-декабрда “Аракеттердин мамлекеттик планы” кабыл алынган соң, жалпысы болуп 10 600 киши террордук аракеттерге тиешеси бар деген шек менен кармалган. Алардын ичинде экстремисттик топторду каржылагандар, элге радикалдык маанидеги чакырыктар менен атайын үн күчөткүчтөр аркылуу кайрылгандар да бар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG