Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Президент Атамбаев кыска мөөнөттүү эс алууга чыкты


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев 9-февралдан тарта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Эс алуу убактысы канча күнгө созулары белгисиз.

Өлкө жетекчиси өткөн жума соңунда Орусияга барып Сочи шаарында орус президенти Владимир Путин менен жолуккан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкө ортосунда саясый, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу маселелери талкууланган. (SE)

XS
SM
MD
LG