Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

Ошто мектептерде Валентин күнү быйыл да белгиленбейт


Ош шаардык билим берүү башкармалыгы калаадагы мектептерде 14- февралды майрамдоого тыюу салды. Бул тууралуу башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсанов "Азаттыкка" билдирди.

- 14-февраль Валентин күнүн белгилөө эч кандай мыйзамда жок. Биз Билим берүү министрлиги тарабынан чыккан буйруктарды гана аткарабыз, мындай чет элден келген жоруктар окуучулардын тарбиясына терс таасирин тийгизүүдө, - деди Кимсанов.

Мектептерде Валентин күнүнө карата сүйүшкөндөр үчүн атайын кутучалар уюштурулбайт жана башка иш-чаралардын өткөрүлбөшүнө катуу талап коюлат.

Ош мектептеринде былтыр да Валентин күнү белгиленген эмес. (ErN)

 

XS
SM
MD
LG