Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:52

Катар Кыргызстандан эмгек мигранттарын кабыл алууга даяр


Кыргызстан менен Катар эмгек миграциясы боюнча келишимдин долбоорун талкуулап жатат. Бүгүн эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов Катардын элчиси Мохамед бин Арар ал-Наими менен жолукту. Аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кыргыз жарандарын Катар мамлекетинде ишке орноштуруу сунушу Катар тараптан берилген. Ошондой эле учурда Доха - Бишкек - Доха түз аба каттамын ачуу, Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза азыктарды экспорттоо аракети көрүлүүдө.

Учурда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык жаран чет жакта, көбүнчөсү Орусия менен Казакстанда эмгек мигранты болуп жүрөт. Былтыр жыл соңунда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев араб өлкөлөрүн расмий сапар менен кыдырып, дипломатиялык мамиле жаңы деңгээлге чыккан.

Катарлык элчинин айтымында, бүгүнкү күндө бул өлкө 30га жакын чет мамлекет менен миграция жаатында кызматташат. (RK)

XS
SM
MD
LG