Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

ТИМ Шейла Гволтни тууралуу маалыматтарды төгүндөдү


Тышкы иштер министрлиги Шейла Гволтнинин АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына макулдугун бербей жатат деген маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ТИМ Гволтнинин талапкерлигин 2014-жылы эле колдогон.

Мындан мурдараак айрым маалымат каражаттары Гволтни элчи болушуна ТИМ каршылыгын билдирип, ушул себептүү анын ордуна Ричар Майлздын талапкерлиги каралып жатканын жазып чыгышкан.

ТИМден кошумчалашкандай Шейла Гволтни учурда АКШ сенатынын макулдугун күтүп жатат. Ушул себептүү АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлүнүн милдетин Ричард Майлз аткарууда. (EBm/UEz)

XS
SM
MD
LG