Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Штайнмайер: Минск жолугушуусунун өтөр-өтпөсү белгисиз


Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Украинанын чыгышына тынчтык орнотуу боюнча Минскте “нормандиялык форматтагы” сүйлөшүүнүн өтөрүнөн күмөн санайт. Бул тууралуу Штайнмайер дүйшөмбүдө Брюсселде билдирди. Анын айтымында, Орусия, Украина, Франция жана Германиянын жетекчилиги жолугушуудан бир катар маселелерди тактап алышы керек. Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга карата санкцияларды кеңейтүү маселесин талкуулап жатат.

Ал ортодо Украинага чыгышындагы абал Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин жолугушуусунда талкууланары күтүлүүдө. Меркел бул үчүн Вашингтонго учуп келди. Мурдараак немис өкмөтү 11-февралда Минскте украин кризисин жөнгө салуу боюнча Орусия, Украина, Германия жана Франция лидерлеринин жолугушуусу болорун жарыялаган болчу.

Өткөн аптада Германиянын жана Франциянын лидерлери Киевде жана Москвада украин жана орус президенттери менен жолугуп, Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу боюнча планды талкуулаган.

XS
SM
MD
LG