Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Кара-Суудагы «Ас-сарахсий» мечитинин имамы экстремизге шектелип кармалды


Кара-Суу шаарындагы «Ас-сарахсий» мечитинин имамы Рашод Камоловдун үстүнөн халифат курууга үндөп, Сириядагы согуш боюнча экстремисттик маанидеги чакырыктарды айткан деген жүйөө менен кылмыш иши козголгон. Ага ылайык, ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери 9-февраль күнү имамдын үйүнө жана мечитине тинтүү жүргүзүшкөн. Натыйжада анын үйүнөн бир катар диний-экстремисттик материалдар, адабияттар табылган. Бул тууралуу Ош ОИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” билдирди:

- Рашод Камоловго намаз окуганы келгендерге жана интернет айдыңында халифат курууга үндөп, Сириядагы согуш боюнча экстремисттик маанидеги чакырыктарды айткан деген жүйөө менен 299-берене боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү жүргүзүлгөн тинтүүнүн негизинде дагы башка беренелер кошулуусу ыктымал. Ушул себептен бүгүн Рашод Камолов кармалып, 48 саатка убактылуу кармалуучу жайга киргизилди.

37 жаштагы Рашод Камаловдун расмий түрдө диний сабаты жоюлган эмес, негизги диний таалимди атасынан алганы айтылат. Атасы Мухаммедрафик Камолов экстремисттик "Хизб-ут Тахрир" кыймылынын активисти катары белгилүү болчу. 2007-жылы террордук актынын алдын алуу операциясы жүргүзүлүп жаткан учурда өлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG