Жалал-Абаддын Аксы районунун тургуну өзбек чек арачыларына алдырып койгон малын кайра кайтарып алды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, коңшу мамлекеттин Янги-Курган аймагындагы чек ара өкүлчүлүгү менен сүйлөшүү жүрүп, мал түгөл кайтарылган.
6-февраль күнү Сазык айылынын тургунуна таандык бодо мал чек арадан Өзбекстанга өтүп кеткен учурда чек арачылар кармаган. (SE)