Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында үч жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кечээ, 9-февралда эртең мененки 9:30да Ысык-Ата курортунан 23 чакырым туштүк-батыш тарапта күчү 2 балл, кечки 7:36да Ноокат районунда 2,5-3 балл жана бүгүн түнкү саат 1:35те Күңгөй Ала-Тоонун түндүк тарабында 2 баллга жеткен силкинүүлөр болду.
Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок. (RK)