Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында “Хизб-ут Тахрир” партиясынын идеяларын жайылтууга шектелип төрт адам кармалды. Алардын баары 38-45 жаштагы жергиликтүү тургундар. Алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде шектүүлөрдүн үйлөрү тинтүүгө алынып, экстремисттик маанайдагы адабият, дисктер жана документи жок “Иж-17” үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
“Хизб-ут Тахрир” Кыргызстанда тыюу салынган ондон ашуун диний-экстремисттик уюмдардын бири болуп саналат.
Бир күн мурда Баткенден да аталган партиянын активдүү мүчөсү деген шек менен бир киши колго түшкөн. Ошондой эле Оштун Кара-Суу районундагы «Ас-сарахсий» мечитинин имамы дүйшөмбү күнү экстремизмди жайылтууга шектелип кармалган. (SE)