Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

Розенблюм: Кыргызстан - АКШ жолугушуусу өтөт


Дэниел Розенблюм
Дэниел Розенблюм

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулаган жыйын өтөт. Мындай жолугушуу жаз айларына пландалып жатканын бүгүн, 10-февралда АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюм билдирди. Ал Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын журналисттери менен телефон аркылуу пресс-конференция өткөрүп, мамлекет аралык кызматташуу тууралуу маалымат берди.

Розенблюм АКШ Кыргызстан менен коопсуздук, адам укуктары, экономика жаатында кызматташтыгын уланта берерин айтты.

Ошондой эле ал оппозиция өкүлдөрүнүн АКШга сапары тууралуу токтолуп, бул Конгресс мүчөлөрүнүн чет өлкөлүк мекеме-ишканалардын, өкмөт өкүлдөрүн кабыл алуу сыяктуу жолугушуусу болгонун белгиледи.

Жакында АКШга барып келген оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 20 жыл ичинде Кыргызстанга АКШ тараптан 3 миллиард долларлык жардам көрсөтүлгөнүн айткан. (SE\AiT)

XS
SM
MD
LG