Москванын Басман райондук соту камактагы украиналык учкуч Надежда Савченконун абактагы мөөнөтүн дагы үч айга узартууну карап жатат. Сот анын камактагы мөөнөтүн 13-майга чейин узартышы мүмкүн. Январдын аягында Савченкого чек араны бузуп өткөнү боюнча экинчи кылмыш иш козголгон.
Украин армиясынын учкучу орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деп айыпталууда.
Савченкону былтыр июнда Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилер кармап кеткен. Кийин ал Орусияга өткөрүлүп берилген. 60 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Надежда Савченко өзүнө тагылган айыпты четке кагып келет. Ушул аптада анын адвокаттары Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылып, учкучтун ишин тезинен кароону өтүндү.
Расмий Киев, ПАСЕ уюмунун жетекчилиги жана Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусияны Савченкону бошотууга бир нече ирет чакырган.