Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Күч түзүмдөрү менен аз улуттардын мамилесин чыңдоо долбоору иштөөдө


Ошто күч түзүмдөрүнө улуттук азчылык өкүлдөрүнүн ишенимин арттыруу, өз ара кызматташтыкты бекемдөө боюнча атайын долбоор иштеп жатат. Аны Канаданын жергиликтүү демилгелерди колдоо фондунун каржылык көмөгү менен Egalitee бейөкмөт уюму ишке ашырууда. Долбоор аз улут өкүлдөрү арасында маалымат жетишсиздигинен улам ар кандай ушак-айыңдардын тарашына жол бербөө максатын көздөйт.

Бүгүн, 10-февралда аталган уюм күч түзүмүндө иштегендердин катышуусунда журналисттерге жыйын өткөрдү.

Учурда милиция, УКМК өкүлдөрү менен өзбек коомчулугунун арасында кызматташууну жандантуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Андан соң мындай иш башка улуттардын өкүлдөрү арасында улантылат. (ERN\SE)

XS
SM
MD
LG