Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Ошто азиздер үчүн диний китептер даярдалууда


Ошто жеке ишкер Умаржан Иманбердиев облустук казыяттын каржылык жардамы менен азиздер үчүн диний китептерди даярдап жатат. Ал үчүн атайын техникалык каражатты чет элден сатып алышты. Облустук казыяттан “Азаттыкка” билдиришкендей, жеке ишкер өзү да азиз жаран. Алгач Курандын алиппеси саналган “Муалим сани” китеби, андан соң Курандын атайын варианты даярдалат.

Китептерди быйыл жайында азиз балдардын интернатына тапшыруу пландалууда. Буга чейин Өзбекстанда да ушундай китептер басылган. (SE)

XS
SM
MD
LG