Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Ооганстанда талиптер полиция кеңсесине кол салды


Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында талиптер полиция бөлүмүнө кол салышты. Ички иштер министринин өкүлү Садик Садикинин айтымында, эки жанкечти өзүн жардырып, андан соң бөлүмгө кол салган. Бир полиция кызматкери набыт кеткен кол салууну ооган президенти Ашраф Гани айыптады. Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид кол салууга ал жетектеген топ жооптуу экенин билдирди.

Ушул эле күнү чыгыштагы Жалал-Абад шаарында автоунаага катылган бомба жарылды. Андан бир адам набыт кетип, бир нечеси жараат алды.

Акыркы учурда Ооганстанда талиптердин кол салуусу күчөдү.

Быйыл 1-январдан тарта Ооганстандагы коопсуздук жергиликтүү аскер күчтөрдүн колуна өттү. Өлкөдөгү 350 миңге жакын аскер жана полиция кызматкерлери бул милдетти аркалап баштады. Акыркы 13 жылдан бери бул милдетти НАТОнун эл аралык коалициясы аткарып келген.

XS
SM
MD
LG