Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Салянова кызматтан кетишинин себебин атады


"Президенттин айрым иштерде эрктүү болбогону, талап койбогону менин кызматтан кетишимдин себеби болду", - деп билдирди бүгүн мурдагы Баш прокурор Аида Салянова Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Ал отставкага кетишине күйөөсүнө байланыштуу ачылган кылмыш иш себеп болбогонун, тергөө учурунда баары адилет териштирилсе иш сотко да жетпесин айтты.

- Менин күйөөм УКМКга айыпталуучу эмес, күбө катары чакырылган. Суроолоруна жооп берген. Бул ишти президент өз көзөмөлүнө алат деп ишенем, - деди Салянова.

Ал ошондой эле "азыркы Баш прокурор мен жана жалпы кесиптештерим баштаган ишти улантат деп ишенем, алардын мээнети текке кетпейт деп ойлойм" деди. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG