Линктер

шаршемби, 27-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:10

Салянова: Парламенттик шайлоого катышам, президенттик боюнча убакыт көрсөтөт


Кыргызстандын мурдагы Баш прокурору Аида Салянова алдыдагы парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда жарыялады. Ал эми президенттик шайлоого катышар-катышпасын убакыт көрсөтөрүн айтты.

- Партиялык түзүлүш боюнча чоң иш баштап жатабыз. Негизги иш бүтүп калды. Шайлоого башка партиялар менен бирге баруу азырынча планда жок, бирок бул маселе консультациялардан кийин чечилет, - деди Салянова.

Ал өлкө тагдырына кайдыгер карабаган, таза адамдар менен биригүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда быйыл күзүндө өтөт. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG