Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Келдибеков үч айдан соң кайра чет элге кетет


Келдибеков камалгандан соң анын тарапкерлери бир канча жолу нааразылык акцияларын уюштурушкан.
Келдибеков камалгандан соң анын тарапкерлери бир канча жолу нааразылык акцияларын уюштурушкан.

Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Акматбек Келдибеков үч айдан соң кайра Германияга дарыланууга кетет. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын коомдук коргоочусу Мамбетжунус Абылов билдирди:

- Коомчулукта “Келдибеков качып кетти” деген пикирлер көбөйүп кеткенине байланыштуу ал кайтып келди. Ал дарыланууну улантышы зарыл экенин тастыктаган тийиштүү медициналык аныктамалар колунда турат.

Келдибеков камакка алынгандан кийин Бишкекте үч жолу тизесинен операция болгон. Бирок чет элден дарылануу зарылдыгы туулуп, соттун уруксаты менен 2014-жылдын августунда Германияга кеткен.

Ал сот жараяндарына катышуу үчүн 10-февраль күнү Бишкекке келген. Адвокаты Татьяна Чильникина бүгүн Биринчи Май райондук сотуна жараянды жандантуу боюнча кайрылганын билдирди.

"Ата-Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айыпталып,2013-жылдын күзүндө камалган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG