Эркек кишини зордуктады деп айылдаштарынын токмогунан каза тапкан Сокулук районунун тургунунун өлүмүнө шектүүлөрдүн тарапкерлери Бишкекке келип Жогорку Соттон адилеттик талап кылууда. Алар маркум кылмышына жараша жазаланганын негиз кылып жатышат.
7-январдан 8ине караган түнү Сокулук районунун тургундары өздөрүнүн Нурлан аттуу айылдашын ур-токмокко алышкан. Катуу сабалган Нурлан ооруканага жетпей көз жумган.
Кылмышка шектелип 6 адам кармалган. Райондук сот аларды үй камагына чыгарган. Маркумдун жакындарынын арызы менен ишти кароо облустук сотто уланган. Кийинчерээк кармалгандардын арасынан эки адамдын ишин Жогорку Сот карай баштаган. (SE)