Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Казакстан: Назарбаев ашыкча чыгымды азайтууга чакырды


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бюджеттик каражатты болушунча үнөмдөп, ашыка чыгымдарды азайтууга чакырды. Мындай чакырык менен казак президенти өкмөттүн жыйынында чыкты. Назарбаевдин айтымында, быйыл өлкө бюджетинин чыгашалары 700 миллиард теңге же он пайыз кыскартылат. Бирок мамлекет бардык социалдык милдеттемелерин аткарышы керек:

- Мунайдын бир баррели 100 доллардан ашык болуп, металл жана башка продукция жакшы сатылып турганда биз жакшы жашадык жана көп коротконго көнүп алдык. Оңго-солго ойлонбой коротчубуз. Эми чөнтөктөгү пулга жараша жашашыбыз керек, - деди Назарбаев.

Ошондой эле казак президенти ар кандай майрамдык иш-чаралар, тойлорду өткөрүүнү сынга алды. Ал ашыкча ысырапкорчулукту токтотуп, Универсиада менен ЭКСПОну өткөрүүдө да үнөмдөө керектигин билдирди.

XS
SM
MD
LG