Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Меркел менен Олланд Минсктеги саммитке катышат


Франциянын президенти Франсуа Олланд менен Германиянын канцлери Ангела Меркел Украинадагы ок атышууну токтотуу боюнча Беларустун борбору Минсктеги бүгүнкү саммитке катышат. Бул тууралуу француз президентинин маалымат кызматынан кабарлашты. Эки өлкө лидерлери телефон аркылуу байланышып, жаңжалды токтотуу үчүн акыр аягына чейин колдон келген бардыгын жасоону макулдашкан.

Буга чейин Украина президенти Петро Порошенко Минскке барарын айткан эле. Ал эми орус президенти Владимир Путин жолугушууну өткөрүүдөн мурун бир нече маселени тактап алуу керектигин белгилеген.

Ал ортодо Донецк шаарында автобус аткылоого туш болуп, кеминде төрт адам мерт кетти. Ондон ашыгы жараат алганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG