Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

“Жаштар балдарды кордоого каршы” деген аталышта акция болот


Иш-чараны Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы уюштурууда. Акция акыркы убактарда күч алып бараткан жаш балдарды кыйноо көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурууну максат кылат. Аталган башкармалыктын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Нурбек Калкатаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, иш-чарага мектеп окуучулары, студенттер жана башка жаштар катышат.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2014-жылы өлкөдө балдарга карата колдонулган зордук-зомбулуктардын саны 900гө жеткен. 2015-жылдын январь айында эле жашы жете элек балдарды зордуктоо боюнча бир нече фактылар катталып, коомчулуктун талкуусун жараткан эле.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG