Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Насыяны сом менен гана берүү сунушталууда


Доллардын кымбатташына байланыштуу Кыргызстандагы коммерциялык банктар насыяны сом менен гана берүүсүн милдеттендирүү керек. Мындай сунушун бүгүн парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиева айтты.

Ал учурунда насыяны 47-50 сомдон алган жарандар азыр 61 сомдон төлөөгө мажбур болгондуктан карызынан кутула албай кыйналып жатканын мисал келтирди.

Бир жыл мурда Кыргызстанда бир доллардын баасы 51 сом болсо, азыр 61 сомдон ашууда. (RK)

XS
SM
MD
LG